БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Бишкекте пенсионерлер менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн "Евразия" социалдык дүкөнү ачылат.
Дүкөн (Токтогул көчөсү, 146/1) шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Демилге "Евразия" бейөкмөт уюму менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташуу жөнүндөгү меморандумдун алкагында ишке ашырылууда.
"Евразия" уюмун Кыргызстандагы директору Кымбат Урумкулова
© Фото / АНО "Евразия"
"Долбоордун башкы максаты — пенсионерлерге жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга колдоо көрсөтүү. Дүкөндүн текчелерине азык-түлүк жана күнүмдүк муктаждыктагы товарлар коюлуп, өндүрүүчүлөр койгон баа менен сатылат", — деп айтылат маалыматта.
Долбоор коммерциялык кызыкчылыкты көздөбөйт. Учурда жабдууларды орнотуу, логистиканы уюштуруу иштери жүрүп жатат.