БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Вебкам-студия уюштуруп соттолгон Даниэл Ажиевдин жубайына мурда конфискацияланган батир жана жаңы автоунаа берилди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Анда атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Ажиевдин жубайын бүгүн кабыл алганы айтылат.
Буга чейин Наргиза Ажиева жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу президентке видео жолдоп, мамлекет конфискация кылган турак жайлардын бирин кайтарып берүүнү өтүнгөнү белгиленген.
© Фото / Откурбек Рахманов
"Ажиеванын оор дартка чалдыккан баласы бар экени эске алынып, ага күйөөсүнүн мамлекетке өткөн батири жана жаңы унаа тапшырылды", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Ажиевдин конфискацияланган мүлкүнүн жалпы наркы 262 миллион сомду түзгөнү кабарланды.
Эске салсак, Кыргызстанда көп сандагы вебкам-студиялардын тармагын уюштурган Даниэл Ажиев тогуз жылга эркинен ажыратылган болчу.