БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Бишкек шаарында апасын өлтүрүүгө шектелип 22 жаштагы улан кармалганын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен иш козголгон. Өлгөн аялдын М.А. аттуу уулу кылмышка шектелүүдө. Ал соттун чечими менен эки айга камалды.
Тиешелүү экспертизалар дайындалган.