Трамп менен Зеленский Ак үйдө кезикти. Жолугушуудагы урунттуу учурлар

Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Украинадагы жаңжалды жөнгө салууда негизги максат ок атууну убактылуу токтотуу эмес, узак мөөнөттүү тынчтык орнотуу. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп Киев режиминин жетекчиси Владимир Зеленский менен жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, жаңжалды токтотуу үчүн “акылга сыярлык” мүмкүнчүлүктөр бар.
АКШ президентинин кебинин урунттуу учурлары:
Украинадагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууда "эң мыкты коргоону" камсыздап бере алам;
Украина үчүн америкалык курал-жаракка кеткен чыгымды НАТО төлөйт;
Ак үйгө келген европалык лидерлер Киевди коргоону каалашат, Вашингтон жардам берүүгө даяр;
Украинадагы абалды жөнгө салуу үчүн үч тараптуу жолугушуу керек. Эгер андай болбосо, аскердик жаңжал улана берет.
Владимир Зеленскийдин кеби:
Киев америкалык курал-жарак сатып алууда көйгөйлөргө туш болуп жатат;
Украинада президенттик шайлоо өткөрүү үчүн коопсуздук шарттары талап кылынат;
Зеленский Ак үйдөгү журналисттердин “Украина аймактык жоготууларга даярбы?” деген суроосуна жооп берген жок.
Белгилей кетсек, Зеленский менен Трамп прессанын алдында 25 мүнөт баарлашкандан кийин журналисттер залдан чыгарылды. Жолугушуу жабык эшик артында уланабы же жокпу, азырынча белгисиз.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп Зеленскийди Крымдан жана НАТОго кирүү оюнан баш тартууга чакырды