20-августка карата аба ырайы

20-августта түнкүсүн нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Шаршембиде күндүз дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Талас өрөөнүндө 27…32, Чүйдө 31…36, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 32…37, Ысык-Көл жеринде 22…27, Нарын чөлкөмүндө 25…30 градус болот.
Күндүн табы Бишкек менен Ош шаарларында 33…35, Чолпон-Атада 23…25 градуска ысыйт.
Ысыктын илеби кайтабы? Бир жумага карата аба ырайы