Жазуучу, котормочу, акын, мамлекеттик ишмер Шаршеналы Абдылдаев 88 жаш курагында дүйнө салды. Шаршеналы Абдылдаев классикага айланган мыкты чыгармаларды которуп, кыргыз театрына, киного да зор салымын кошкон. Ошондой Саха элинин эпосу «Ньургун баатыр» эпосу менен улуу Фирдоусинин фарсы поэзиясынын туу чокусу «Шах наме» эпосун которуп чыгарып, Якутиянын мамлекеттик сыйлыгына татыган.
Ал ошондой эле У. Шекспирдин «Антоний жана Клеопатра», Островскийдин «Бөрүлөр жана койлор», Гарсиа Лорканын «Бернарда Альбанын үйү», «Өтүкчүнүн өктөм аялы», «Кандуу той», Т.Ахтановдун «Күч күйөө», Ш. Тёректин «Ат жана терезе» пьесаларын которуп, алар республикалык, областтык театрлардын сахналарында коюлган. Муну менен катар “Бийиктеги жылдыздар”, “Жетимишинчи жаз”, “Тогуз кайрык” өңдүү бир катар китептери да жакрык көргөн. Муну менен катар бир топ жыл мамлекеттик кызматтарды аркалап, бир катар эмгектерди жасаган.