Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Аяз Баетов медиктерге "чай пул" алууга уруксат берүүнү сунуштады.Ал демилге тууралуу мамлекеттик системаны бюрократиядан арылтуу боюнча мекеме аралык комиссиянын жыйынында түшүндүрмө берген."Официантка "чай пул" берилсе жакшы, ал эми дарыгерге берилсе пара болуп эсептелет. Бул туура эмес! Биз мекеме аралык комиссиянын кароосуна “ыктыярдуу төлөм” түшүнүгүн киргизип жатабыз. Муну менен катар, "ыктыярдуу төлөм" сөзсүз касса аркылуу өтүп, акча агымы санариптик көзөмөлдө болушу керек", — деди Баетов.Мындай сунуш аймактардагы ооруканаларда медиктер жетишсиз жана милдеттүү төлөмдөрдүн процедуралары татаал болгондуктан киргизилгени айтылды.
Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге генерал-лейтенант жогорку аскердик наамы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон. Белгилей кетсек, Ажикеев 2020-жылдан бери өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеп келет.
Бишкекте пенсионерлер менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн "Евразия" социалдык дүкөнү ачылат. Дүкөн шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Демилге "Евразия" бейөкмөт уюму менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташуу жөнүндөгү меморандумдун алкагында ишке ашырылууда."Долбоордун башкы максаты — пенсионерлерге жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга колдоо көрсөтүү. Дүкөндүн текчелерине азык-түлүк жана күнүмдүк муктаждыктагы товарлар коюлуп, өндүрүүчүлөр койгон баа менен сатылат", — деп айтылат маалыматта.Долбоор коммерциялык кызыкчылыкты көздөбөйт. Учурда жабдууларды орнотуу, логистиканы уюштуруу иштери жүрүп жатат.
АКШ президенти Дональд Трамп европалык лидерлердин толук ок атышууну токтотуу талабын четке кагып, согуш жарым-жартылай уланып турса да тынчтыкка жетишүүгө болорун билдирди. Бул туурасында америка изилдөөчү, саясат таануучу Дмитрий Евстафьев айтканын Sputnik Ближнее зарубежье жазды. Кеп Владимир Зеленский менен Трамптын жолугушуусу тууралуу болгон. "Тынчтыкка согуш жүрүп жаткан чектердеги атышууну токтопой туруп деле жетсе болот деген Трамп позициясын жаңжалды толук токтотуу керектигин европалыктардын алдында коргоп калды" , — деген Евстафьев. Азырынча экөөнүн ортосунда кепке келгендиктин белгиси жоктугун айткан.Белгилей кетсек, дүйшөмбү күнү кечинде Трамп Зеленский жана Европа лидерлери менен жолугуп, жарым саатка жетпеген убакыт сүйлөшкөн. Ага НАТОнун баш катчысы Марк Рютте, Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен, Британия премьери Кир Стармер, Франция президенти Эммануэль Макрон, Германия канцлери Фридрих Мерц, Финляндия президенти Александр Стубб, Италия премьери Жоржа Мелони жана Владимир Зеленский катышкан.