Бюджетке киреше кирет, зыяндуу суусундуктардан баш тартууга шарт түзөт - Акциздик салыкты көтөрүүнүн артында эмне турат?

Sputnik
Экономика министрлиги бир катар товарларга акциздик салыкты акырындан көтөрүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документте белгиленгендей, бул чаралар бюджетке киреше тартуу менен катар калкты зыяндуу суусундуктарды колдонуудан баш тартуусун шарттайт. Ошондой эле демилгечилер айрым импортерлор суусундуктарды "балдар тамагы" катары каттатып, акцизден качканын аныктаган. Мындан улам аларды акцизден бошотуу жана маркалоо талаптарын жокко чыгаруу сунушталып жатат.
Бүгүнкү “Ачык кеп” программасында дал ушул өзгөрүүлөр тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик Салык кызматынын Акцизделүүчү товарларды башкаруу жана жүгүртүүнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Акматов жана Экономика жана комерция министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын Салык саясаты бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Айзек Шамшыбеков жооп берди.