Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Эгер ишкер өлкөгө 1 миллиард сом жана андан ашык инвестиция сала турган болсо министрлер кабинети менен түз инвестициялык макулдашууга жетише алат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. "Эл аралык кадыр-баркы жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда ийгиликтүү тажрыйбасы, билими бар инвесторлорго дал ушундай мүмкүнчүлүк берилет", — деп айтылат маалыматта. Инвестициялык келишимдин алкагында инвесторлорго артыкчылыктар берилиши мүмкүн: салыктык жана бажы жеңилдиктери; негизги кызматкерлер үчүн визалык колдоо; жер тилкесин издөө жана мыйзамдаштырууга көмөк көрсөтүү. Ошондой эле ар бир мамлекеттик жана жергиликтүү орган инвестициянын суммасына карап инвестор менен түз келишимге кол кое аларын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жалын Жээналиев билдирди. Белгилей кетсек, 14-августта президент Садыр Жапаров "Инвестициялар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү, толуктоо киргенден кийин кол койду.
2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстан тогуз тонна атыр экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка караганда, Казакстанга 7,4 тонна, Россияга 1,2 тонна атыр жөнөтүлгөн. Мындан тышкары, Бириккен Араб Эмирликтерине 0,4 тонна парфюмерия экспорттолгон. Товардын көбү ЕАЭБ өлкөлөрүнө сатылган.
Кыргызстанда 22-августтан тарта таксилерди милдетүү лицензиялоо күчүнө кирип, жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн оң рулдуу унааны айдоого тыюу салынат. Бул тууралуу ЖКККББнын транспорттук ишмердүүлүктү лицензиялоо жана техникалык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Нурдин Самбаев билдирди. Анын айтымында, таксисттерден дароо лицензия талап кылынбайт, иш этап-этабы менен жүргүзүлөт. Акыркы этапты 1-декабрда бүтүрүү пландалууда, андан кийин рейддер башталат. Бирок 22-августтан тарта милиция оң рулдуу машиналар менен такси кызматын көрсөткөндөрдү текшере баштайт. "Учурда расмий түрдө 7,5 миңге жакын таксист оң рулдуу унааларды айдайт. Аларга бир эмес, бир нече жолу түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн", — деди Самбаев. Лицензиянын баасы жеке жактар үчүн жылына 500 сом, юридикалык жактарга 1 000 сом болот. Лицензия албагандарга айып пулдун көлөмү 7 500 жана 23 000 сомду түзөт. Документти ЖКККББнын шаар менен аймактардагы бардык бөлүмдөрүнөн алса болот. Самбаев мындай чара элдин коопсуздугун камсыздоо максатында киргизилип жатканын белгиледи. Лицензия берилерде айдоочу тууралуу маалыматтар жана машинанын техникалык абалы да текшерилет.
Президенттин иш башкармалыгына караштуу "ЭлКат" ЖЧКсынын жетекчиси Нурадил Баясов Кыргызстанда интернеттин сапатын жакшыртуу боюнча иш кызуу жүрүп, киберкоопсуздукка өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты. "ЭлКат" эл аралык байланыш оператору мамлекетке кайтарылгандан кийин 2025-жылдын жарым жылдыгында кирешеси 32 пайызга, салыктардын көлөмү 36 пайызга, камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү 10 пайызга, таза пайда 100 миллион сомдон ашып, 65 пайызга өстү.Анын айтымында, "ЭлКат" компаниясы жакында жаңы улуттук операторду ишке киргизет.Ошондой эле ал 15-августтан баштап бир жылга чейин интернетти алып келүү жана аны таратууга мамлекеттик монополия киргизилип, мындай кадам санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүүдө жана ички тартипти орнотууда жакшы натыйжа берерин кошумчалады.