2026-жылдын 1-январына чейин мамлекеттик сыйлыктарды тапшырууга, ардактуу наамдарды ыйгарууга жана мамлекеттик сыйлык менен кошо берилген каражатты төлөөгө мораторий киргизилди. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол коюп "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды. Документке ылайык, сыйлыкка көрсөтүү боюнча сунуштарды алууга да тыюу салынган. "Мораторий мезгилинде мамлекет менен коомдун алдындагы эмгеги үчүн сыйлык тапшыруу, наамдарды ыйгаруу жана сыйлыктарды төлөө маселеси президенттин демилгеси боюнча өзгөчө учурларда гана каралышы мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.Ошондой эле Юстиция министрлигине эки айдын ичинде учурдагы мыйзамдарга жана сыйлык тапшыруу практикасына комплекстүү талдоо жүргүзүп, бул чөйрөнү өнүктүрүү боюнча сунуштарды берүү тапшырылган.
Кыргызстанда 2026-2027-окуу жылынан баштап жогорку билим берүү системасында сырттан окутууга чектөө киргизилет. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлык "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды.Анда келерки окуу жылынан баштап менчигинин түрүнө, кайсы мекемеге таандык экенине жана макамына карабастан жогорку кесиптик окуу жайлардын сырттан окуу бөлүмүнө кабыл алуу токтотулары айтылган. "Университеттер дистанттык-санариптик формага өтүшү керек. Бул билим берүүнүн сапатын жогорулатып, формалдуу мамилени кыскартат жана коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтөт", — деп айтылат маалыматта. Ал эми буга чейин сырттан окуу бөлүмүнө тапшыргандарга окуунун ушул формасы менен университетти аяктап, диплом алууга мүмкүнчүлүк берилерин Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрилигинен билдиришти.
Ысык-Көлдө ЖККУнун жаштар борбору ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу IV Евразия аналитикалык форумунун уюштуруу комитетинин теңтөрагасы Нурбек Өмүралиев менен уюмдун мурдагы баш катчысы Николай Бордюжанын Sputnik маалымат борборунда видеокөпүрө форматында өткөн сүйлөшүүсүндө айтылды. Өмүралиев социалдык-маданий байланыштарды чыңдоо үчүн уюмга мүчө өлкөлөрдө жаштар фестивалдарын өткөрүп турууну сунуштады. Бордюжа бул идеяны колдоп, мындан 15 жыл мурда Ысык-Көлдө ЖККУнун жаштар борборун түзүү долбоору иштелип чыкканын билдирди.Эскперттин айтымында, бүгүн ЖККУга мүчө мамлекеттер көл жээгинде жаштар борборун түзүү маселесин кайрадан күн тартибине чыгарса болот."Муну ар бир мамлекет акча бөлүп, жамаатташып ишке ашырышы керек. Ар ким өзүнүн улуттук өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен корпустардын архитектурасын иштеп чыкса болот", — деп сөзүн жыйынтыктады уюмдун мурунку баш катчысы.
Владимир Зеленский АКШнын президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүдө "жер алмашуудан" баш тарткан эмес, бирок Украинанын Баш мыйзамында андай нерсеге тыюу бар экенин айткан. Бул туурасында РИА Новости Wall Street Journal басылмасына таянып жазды.Аны менен катар эле Киев режиминин башчысы алмашканда эки жактын тең айырбаштаган жерлери бирдей болушу керектигин кыйыткан.Вашингтондогу жолугушуудан кийин Зеленскийдин өзү аймактарды алмашуу маселесин Москва менен Киев чече тургандыгын, Россия лидери Владимир Путин менен жолугуунун күнү так эместигин айтты.Буга чейин Financial Times басылмасы Украина Россияга бир катар жерлерин берүүгө, согушту жүрүп жаткан чектерде токтотуу туурасындагы келишимге каршы экендигин билдирген эле. Андан сырткары, Москванын кенемте төлөп берсин дегенин кошумчалаган.