“Бишкек шаарынын аймагында үй жаныбарларын багуу жана мал жаюу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомдун долбоору коомдук талкууга чыкты. Мэрия маалымдагандай, документ жаныбарларга карата зомбулукту алдын алуу, алардын саламаттыгын жана жашоо шартын жакшыртууга багытталган. Ага ылайык, жаныбарлардын ээлери аларды каттоого алып, ветеринардык көзөмөлдөн өткөрүүгө, ылайыктуу шарттарды түзүүгө жана эрежелерге ылайык сейилге чыгарып турууга милдеттүү болот. Бүгүнкү “Күн башат" программасында дал ушул токтом тууралуу дегеле Бишкек шаарында кантип үй жаныбарларын кармап, мал жайса болору тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык чарба департаментинин башкы адиси Туратбек Жантаев жооп берди.