Трамп Зеленский жана Европа лидерлери менен жолуккандан кийин Путинге чалды

Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Россия жана АКШ лидерлери Владимир Путин менен Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөшкөнүн РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.
РИА Новости берген маалымат боюнча, Трамп Путинге Владимир Зеленский жана Европа мамлекеттеринин башчылары менен жолуккандан кийин чалып, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгынан кабардар кылган. Ушаковдун айтымында, 40 мүнөткө созулган баарлашуу "ачык-айкын жана мазмундуу" болду.
Мындан тышкары, лидерлер Россия менен Украина делегацияларынын түз сүйлөшүүсүн улантуунун зарылдыгын белгилеп, өкүлдөрдүн сүйлөшүү жүргүзүү деңгээлин жогорулатууну талкуулашкан. Президенттер Украина жана башка маселелер боюнча мындан ары да тыгыз байланышта болууну макулдашышты.

Ак үйдөгү жолугушуу

Белгилей кетсек, дүйшөмбү күнү кечинде Трамп Зеленский жана Европа лидерлери менен жолугуп, жарым саатка жетпеген убакыт сүйлөшкөн. Ага НАТОнун баш катчысы Марк Рютте, Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен, Британия премьери Кир Стармер, Франция президенти Эммануэль Макрон, Германия канцлери Фридрих Мерц, Финляндия президенти Александр Стубб, Италия премьери Жоржа Мелони жана Владимир Зеленский катышкан.
Трамп менен Зеленский Ак үйдө кезикти. Жолугушуудагы урунттуу учурлар