Заманбап медианын өнүгүүсүнүн негизги багыттары боюнча мастер-класстар уюштурулуп, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан барган өкүлдөр практикалык сабактардан, мастер-класстардан өтүштү. Социалдык тармак үчүн маалыматтык контентти иштеп чыгуу жана жайылтуу, виртуалдык студияда иштөө, журналистикада чат-ботторду жана жасалма интеллектинин башка багыттарын колдонууга көңүл бурулду.
Кыргызстандан келген юрист Арсен Болотов, долбоорго биринчи жолу катышып жатканын, күнүмдүк жашоодо жасалма интеллектини колдонуу боюнча лекция купулуна толгонун айтты.
Ал эми журналист Айдай Назаркулова SputnikPro долбоорунун алкагында Telegram-канал иштетерин кошумчалады. Бул байланыштын ыңгайлуу жолу гана эмес, журналисттердин иши үчүн мыкты курал да экенин белгиледи.
Иш-чара 11-15-август күндөрү өттү.