БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов кармалып, 4-сентябрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын мекемеден билдиришти.
Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин ("Коррупция") 2-бөлүгүнө ылайык, ага уюшкан кылмыштуу топтун кызыкчылыгына иштеген деген айып коюлууда.
"ИИМдин тергөө кызматынын шектүүнү камакка алуу жөнүндөгү өтүнүчү жарым-жартылай канааттандырылды. О.Ж.Т ушул жылдын 4-сентябрына чейин камалды", — деп айтылат маалыматта.
Ормонов бул кызматка 2023-жылдын 25-августунда дайындалган.