Радио

Мамытов: кенди кайра иштетүү долбоорлорун ЕАЭБ алкагында жасоого болот

Жусуп Абдрахманов атындагы Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов Кыргызстандын тоо-кен багытынын келечегине сереп салды.
Sputnik
Кен тармагы боюнча сөз болгондо, албетте, биз "Кумтөр" сыяктуу ири компаниянын мамлекетке өтүп, кирешеси өлкө казынасына түшүп жатканына кубанабыз. Бирок башкы кубаныч бул эмес, эң ириде биз аталган тармакта өз алдынча иш жүргүзүүгө үйрөнүп жатабыз, өсүп жатабыз. Бул абдан маанилүү. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тоо-кен тармагында илим, бизнес жана мамлекеттик саясат эриш-аркак жүрүшү зарыл.
"Кыргызстанда кен казылчу жерлер абдан көп. Арасында чаканы, запасы анча көп эместери арбын. Мурда аларды казуу анчейин деле пайда алып келбесе, эми буларга да көңүл бурсак болот. Бул багытта адистер пайда болуп, мамлекет өзү казып тажрыйба топтоп жаткан учуру. Тоо-кен адистерин көбөйтүп, тажрыйба менен айкалыштырып билим берген жаңы программаларды иштеп чыгып, илим университеттеринин алкагында эле изилдөөлөрдү жүргүзүп, ишкерлер илим менен тыгыз иштеп, мамлекет ийкемдүү саясатын жүргүзсө тоо-кен тармагында Кыргызстандын келечеги чоң. Экинчи маселе — кайра иштетүү аракеттери. Чийки затты эле сата бербей, кайра иштетүүнү колго ала турган мезгил келип жетти. Ал үчүн алыс барбай эле ЕАЭБ уюумунун алкагында иштөө зарыл. Россиянын чоң-чоң кемелерине же Беларустун айыл чарба техникаларына жабдыктарды биздеги кендерден жасалган тетиктер менен жабдысак жакшы болмок. Евразия экономикалык биримдигинин алкагында ири кооперациялар түзүлсө, аталган багыт Кыргызстан үчүн стратегиялык тармакка айланат", — деди Мамытов.
Ал Кыргызстанда бар сейрек кездешүүчү глауконит минералын мисал келтирип, аны кайра иштетүүнү ЕАЭБдин алкагында кооперция түзүү менен колго алса болорун кошумчалады.