БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча күйөөсүн күнөөлүү деп таап, үч жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонгон. Бул тууралуу соттон бүгүн билдиришти.
Өкүмгө ылайык, Маматкулованын жолдошу Н.Т.Н. Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин 1-бөлүгү ("Өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирүүчү зомбулукту колдоном деп коркутуу, катаал мамиле жасоо же жеке кадыр-баркын кемсинтүүсү, бул байкабастан жабырлануучуну өзүн-өзү өлтүрүүгө же ага аракет кылууга жеткирүү") менен күнөөлүү деп табылган.
"Сот кодекстин аталган беренеси менен айыпталуучуну беш жылга эркиндигинен ажыратып, ушул эле кодекстин 82-беренеси менен үч жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонгон өкүм чыгарды", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Айтурган Маматкулова 2024-жылдын 7-июлунда Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болгон. Ал медициналык мекемеге оор абалда жеткирилген. Алгачкы маалыматта "дарыга уулануу, өзүн-өзү өлтүрүү. Жүрөк-кан тамыр оорусунун курч жетишсиздиги" диагнозу коюлган.
Маркумдун туугандары Бишкекте жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына макул эмес экенин билдиришкен. Алар кайрадан экспертиза дайындоону, аны комиссия түзүп жүргүзүүнү талап кылышкан. Алар 25 жаштагы кыздын өлүмүнө күйөөсүнүн тиешеси болушу мүмкүн экенин айтып, Айтурган зомбулуктан каза болгон деп шектенишкен. 30-августта Н.Т.Н кармалып, андан соң №1 тергөө абагына киргизилген.