Мүлк салыгын дароо эсептеп берген электрондук модуль ишке кирди. Жол-жобосу

Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Салык кызматы мүлк салыгын автоматтык түрдө эсептеген электрондук модулду ишке киргизди. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Ага ылайык, жаңы модулдун жардамы менен "Кадастрдын" базасындагы маалыматтын негизинде мүлк салыгын эсептөөгө болот.
"Кызматты колдонуу үчүн cabinet.salyk.kg порталына кирип, "Салыктык милдеттенмелер" модулун тандоо керек. Андан кийин "өтүү" баскычын басканда салык боюнча бардык маалыматтар көрсөтүлөт. Оң жагындагы "төлөө" баскычын басканда QR-код, төлөм коду жана банк карталары сыяктуу кызматтар сунушталат. Жаран өзүнө ыңгайлуусун тандап алып төлөй алат", —деп айтылат маалыматта.
Салык кызматы төлөмдү аткарууда мүлктүн бирдиктүү коду, дареги, салык мезгили, аянты жана төлөнүүчү сумма ачык көрсөтүлөрүн билдирди. Эсептөөлөр төлөө мөөнөтүнөн 30 күн мурда, адатта, 1-сентябрга чейин жүргүзүлө турганы айтылды.
Салык кызматы: жарандардын 12 млрд. сомдой салыктык карызы кечирилет