Жапаров менен Путин Аляскадагы саммиттин жыйынтыгы боюнча пикир алышты

Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Садыр Жапаров менен Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Анын жүрүшүндө РФ президенти Владимир Путин менен АКШнын башчысы Дональд Трамптын Аляскадагы сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча пикир алмашуу болду.
Садыр Жапаров аталган саммит ишенимди бекемдөөгө жана глобалдык чыңалууну басаңдатууга карай маанилүү кадам болгонун белгилеген. Ошондой эле ал Россия менен АКШнын ортосундагы аракеттер украиналык кризисти тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн кошумча шарттарды түзөрүнө ишенерин белгиледи.
“Кыргызстан Евразиянын борборунда жайгашкан жана аймактык интеграциялык бирикмелердин ишине жигердүү катышкан өлкө катары аймактагы туруктуулукту чыңдоого өзгөчө маани берет жана Россия менен туруктуу өнүгүү максатында кызматташууга даярдыгын ырастайт”, — деди Жапаров.
Соңунда тараптар эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маанилүү маселелер боюнча пикир алмашууну улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Россия Кыргызстанга БУУ аркылуу 1,2 миң тоннадан ашык ун берди. Видео