Россия Кыргызстанга БУУ аркылуу 1,2 миң тоннадан ашык ун берди. Видео

Россия Кыргызстанга БУУнун азык-түлүк программасынын алкагында 1,2 миң тоннадан ашык ун берди. Аны тапшыруу аземи Бишкек шаарында өттү.
Sputnik
Иш-чарага Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлү Кожиро Накая жана эмгек министри Равшанбек Сабиров катышты.
Байытылган буудай уну Бишкек жана Ош шаарларында таратылат.