Кыргызстанга россиялык ыктыярчы дарыгерлер келди. Видео

Алты мыкты россиялык дарыгер маанилүү миссия менен Бишкекке келишти. Алар кыргызстандыктарга ден соолукка кам көрүүгө жардам беришет. Медиктер "Жакшылык миссиясы" программасынын алкагында окутууларды өткөрүп, билими менен бөлүшөт. Ошондой эле бейтаптарды кабыл алышат.
Sputnik
Кыргызстанда өнөкөт бөйрөк оорулары менен жабыркагандардын саны тездик менен өсүүдө. Жыл сайын бул көрсөткүч болжол менен 15 пайызга көбөйүп жатат. Адистердин айтымында, бүгүнкү күндө планетанын ар бир онунчу тургуну ушундай дартка туш болот.
Бул маселе Бишкекте россиялык дарыгерлер менен болгон жолугушууда талкууланды. Алардын арасында "РЖД-Медицина" борбордук клиникалык ооруканасынын гематология бөлүмүнүн башчысы Елена Соколова да бар.
"Бөйрөктү "унчукпаган орган" деп аташат. Анткени оору көпкө чейин белинбей, сезилбей жүрө берет. Органдын функциялары 70 пайызга жарабай калганда гана алгачкы белгилери пайда болот. Биз кыргызстандык нефролог кесиптештерибиз менен тажрыйба алмашуу үчүн келдик", — деди ал.
Аны менен бирге Бишкекке дагы беш россиялык адис келди. Медиктердин баары "Жакшылык миссиясы" программасынын ыктыярчылары болуп саналышат. Бир жуманын ичинде мастер-класстарды, лекцияларды өткөрүп, бейтаптарга консультация беришет.
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев мындай сапарлар кесиптик кызматташтыкты бекемдей турганын белгиледи.
"Жолугушуулар келечектеги биргелешкен долбоорлор үчүн негиз түзөт. Биз россиялык кесиптештер менен ишти улантабыз деген үмүттөбүз", — деди министр.
Россотрудничествонун өкүлчүлүгүнүн башчысы Альберт Зульхарнеев билдиргендей, октябрь айында Кыргызстанга медицина кызматкерлеринин дагы бир тобу келет.
"Дарыгерлер Бишкек жана Ош шаарларында шал оорусу жана аутизмге кабылган балдар менен иштешет. Бул — Россия менен Кыргызстандын достугунун жана кызматташтыгынын ачык мисалы", — деди ал.