БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Жаштар арасында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандан төрт балбан катышарын Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Чемпионат бүгүн Болгариянын Самоков шаарында башталмакчы.
Килемге өлкө атынан Залкарбек Табалдиев (70 кг), Адилет Акылбеков (74 кг), Айтеңир Максатов (97 кг), Жаргалан Будажапов (125 кг) чыгары белгилүү болду.
U-20 эркин күрөш боюнча улуттук курама команданы улук машыктыруучу Алмазбек Аскаров жетектеп барган.