Жаңы жылдан тарта ЕАЭБ реестринде катталган гана дары-дармек сатыкка чыгарылат

Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. 2026-жылдан баштап ЕАЭБдин реестрине катталган дары жана медициналык каражаттар гана сатыкка чыгарылат. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынан билдиришти.
Мындай концепция 15-августта Чолпон-Атада өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында бекитилген.
Ага ылайык, 2026-жылдан тарта ЕАЭБде дары-дармектер бирдиктүү реестрде катталып, биримдик тарабынан берилген күбөлүк менен гана сатылышы керек. Ага чейин улуттук каттоо күбөлүктөрү жарактуу болот.
"Документ улуттук мыйзамдарды шайкеш келтирүүгө жана дары-дармектердин сапатын көзөмөлдөөнүн бирдиктүү институттарын түзүүгө багытталган", — деп айтылат маалыматта.
ЕАЭБде электрондук санариптик кол тамга өз ара тааныла баштайт