15-августа Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жыйынында уюм алкагында бирдиктүү товар биржасын түзүү боюнча документ бекитилди. Аны түзүү 2028-жылга каралган. Аталган биржа түзүүнүн кандай кажети бар? Бирдиктүү биржа уюмга эмне берет? кыргызстан андан кандай пайда көрө алат? Кыргызстан бирдиктүү биржага кирүүдө кандай даярдыктарды кечиктирбей жасоосу керек? Деги эле товардык биржа деген эмне? Бүгүнкү "Экономикалык панорама" уктуруусунда талкууладык.