«Айыл чарбасын каржылоо – 13» долбоорунун алкагындагы каражаттын 91 пайызы пайдаланылды

Sputnik
Айыл чарбасын каржылоо – 13"долбоорунун алкагында каралган каражаттын 91 пайызы пайдаланылды. Бүгүнкүгөчейин фермерлерге жана дыйкандарга жалпысынан 5 миң 945 насыя берилип, алардын жалпы суммасы 3 миллиард 721 миллион сомду түздү. Быйыл долбоорду ишке ашырууга 4 092 769 440 (төрт миллиард токсон эки миллион жети жүз алтымыш тогуз миң төртжүз кырк) сом бөлүнгөн. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү "Мал чарбачылыгы", "Өсүмдүк өстүрүү", "Сууну үнөмдөөчү сугаруу технологиялар", менен алектенгендарге 36 ай, ал эми "Айыл чарба техникаларынын лизинги" мөөнөтү 84 ай. Насыялар 10 пайыз чен менен "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" ачык акционердик коомдору аркылуу, 300 000 сомго чейин күрөөсүз, 1 000 000 сомго чейин күрөөнүн негизинде берилип жатат.
Бүгүнкү күндө "Элдик банк" бул долбоордун алкагында акча каражаты түгөнгөнүнө байланыштуу кредит берүүнү токтотту. Бул тууралуу "Ачык кеп" берүүсүнүн меймандары кеп кылышты.