Оор кырдаалга туш болгон аялдар жардам үчүн кайда кайрылса болот? — "Эне үйү" борбору жана ишеним телефону

Sputnik
Быйыл май айында Бишкек шаарында эне-балага арналган алгачкы “Эне үйү” ресурстук борбору ачылды. Ал жерде жашоодо кыйынчылыкка учураган, баласы менен көчөдө же кооптуу чөйрөдө калган аялдарга, ошондой эле зомбулукка кабылган же кысымга алынган аялдарга жардам көрсөтүлөт. Ошондой эле, турак жайы жоктугунан же материалдык жетишсиздигинен баласын жоготуу коркунучу бар аялдарга юридикалык, психологиялык жана материалдык жардам берилет. Азыркы тапта бобордо сегиз аял убактылуу жашап жатат. Ар бири турак-жай, психологдук жана юридикалык жардам,ошондой эле социалдык багытында колдоо алууда.
Мына ушул "Эне үйү" долбоорунун алкагында оор турмуштук кырдаалга туш болгон аялдар үчүн атайын ишеним телефону иштей баштады. Ишеним телефону ар күнү саат 9:00дөн 21:00гө чейин иштейт. Чалуулар акысыз жана толугу менен купуя сакталарын "Эне үйү" долбоорунун Кыргызстандагы өкүлү Назгүл Турдубекова айтып берди.