Айдоочулук күбөлүктү берүү, алмаштыруу мөөнөтүн кыскартуу сунушталуудаТрамп Зеленскийди Крымдан жана НАТОго кирүү оюнан баш тартууга чакырдыЖаңы жылдан тарта ЕАЭБ реестринде катталган гана дары-дармек сатыкка чыгарылатАлдыда кененирээк2026-жылдан баштап ЕАЭБдин реестрине катталган дары жана медициналык каражаттар гана сатыкка чыгарылат. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынан билдиришти. Мындай концепция 15-августта Чолпон-Атада өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында бекитилген. "Документ улуттук мыйзамдарды шайкеш келтирүүгө жана дары-дармектердин сапатын көзөмөлдөөнүн бирдиктүү институттарын түзүүгө багытталган", — деп айтылат маалыматта.Ага ылайык, 2026-жылдан тарта ЕАЭБде дары-дармектер бирдиктүү реестрде катталып, биримдик тарабынан берилген күбөлүк менен гана сатылышы керек. Ага чейин улуттук каттоо күбөлүктөрү жарактуу болот.
Кыргызстанда айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жана алмаштыруу мөөнөтүн бир нече эсе кыскартуу, үйгө жеткирүү кызматын киргизүү сунушталууда. "Унаа" мамлекеттик мекемеси иштеп чыккан токтом долбоору коомдук талкууга коюлган. Азыркы учурда айдоочулук күбөлүктү алмаштырууга кеминде төрт күн талап кылынат. "Унаа" мекемеси күбөлүктөрдү алмаштыруу жана берүү үчүн арызды онлайн киргизүүнү сунуштады. Мында мөөнөт 1-2 күнгө чейин кыскарат. "Арыз берүүчүдөн кагаз түрүндөгү маалым каттар жана документтер талап кылынбайт. Бардык керектүү маалыматтар автоматтык түрдө мамлекеттик органдардын электрондук маалымат базасынан алынат", — деп жазылат документте.
Жаштар арасында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандан төрт балбан катышарын Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти. Чемпионат бүгүн Болгариянын САмоков шаарында башталмакчы. Килемге өлкө атынан Залкарбек Табалдиев (70 кг), Адилет Акылбеков (74 кг), Айтеңир Максатов (97 кг), Жаргалан Будажапов (125 кг) чыгары белгилүү болду. U-20 эркин күрөш боюнча улуттук курама команданы улук машыктыруучу Алмазбек Аскаров жетектеп барган.
РФ президенти Владимир Путин АКШ лидери Дональд Трамп менен жолукканда Украинада орус тилинин кайрадан расмий болушуна кепилдик берүүнү талап кылды. Бул туурасында New York Times кабарлады. Басылма европалык бийлик өкүлдөрүнө таянып билдиргенине караганда, Россия лидери, андан сырткары, православдык чиркөөлөрдүн коопсуздугуна кепилдик берүүнү да талап кылган. "Путин Украинада орус тили кайрадан расмий тил макамын алышына жана православдык чиркөөлөрдүн коопсуздугу камсыз кылынарына кепилдик берүүнү талап кылды", — деп жазылган анда. Эске салсак, украин бийлиги өлкөдөгү эң ири дин туткандардын жамааты болгон Москва патриархатына караштуу Украин православ чиркөөсүнө каршы кийинки тарыхтагы эң чоң куугунтукту уюштурду. 2022-жылы украин бийлиги Украинанын православдык чиркөөсүн Россия менен байланышта деп айыптап, өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салган.
Владимир Зеленский Крымдан жана Украинаны НАТОго киргизүү оюнан баш тартып, жаңжалды дароо токтото алат. Бул тууралуу АКШ лидери Truth Social социалдык тармагына жазганын РИА Новости кабарлады. "Зеленский Россия менен болгон согушту кааласа бүгүн эле токтото алат, жаңжалды уланта да бере алат. Тирешүү эмне болуп башталганын эстейличи. Обама берип койгон Крым кайтарылбайт жана Украинанын НАТОго кирүүсү мүмкүн эмес. Айрым нерселер эч качан өзгөрбөйт", — деп жазган АКШ лидери.