Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Ысык-Көлдүн Түп районунда майыптар үчүн жаңы реабилитациялык борбор курула башталды. Ага Адылбек Касымалиев капсула салганын министрлер кабинетинен кабарлашты. Долбоор жеке инвесторго тиешелүү, курулуш иштери 2026-жылы аяктамакчы. Реабилитациялык борбор ишке кирсе, аймактагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга медициналык, психологиялык жана социалдык кызматтар көрсөтүлөт.
Кыргызстанда 20–22-август күндөрү Казакстандын кино күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, негизги иш-чаралар “Ала Тоо” кинотеатрында болот. Анын алкагында казакстандык белгилүү режиссёрлордун көркөм тасмалары көрсөтүлүп, ар бир киносеанстан кийин авторлор менен жандуу талкуу уюштурулат. Программа боюнча 20-август, 18:00 – “Казак хандыгы. Алтын тақ” 21-август, 14:00 – “Операция Набат” 22-август, 11:00 – “Жамбыл. Жаңа дәуір” тасмалары акысыз көрсөтүлөт. Бул маданий иш-чара Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти, Казакстандын Маданият жана маалымат министрлигине караштуу Шакен Айманов атындагы “Казакфильм” УК” ААК, ошондой эле Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен өткөрүлүүдө.
АКШнын президенти Дональд Трамп Россиянын Донбассты толук көзөмөлгө алуу жана фронттун башка тилкелерин мурдагы калыбында калтыруу идеясын колдойт. Бул туурасында Fox News жазган. "Трамп Россия лидери Владимир Путиндин Донбассты толук көзөмөлгө алуу жана Украина менен келишим түзүү үчүн фронттун башка участокторундагы абалды ошол тейде калтыруу сунушун колдойт", — деп айтылат билдирүүдө. Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Владимир Зеленскийге, Европа лидерлерине россиялык кесиптеши Владимир Путин, Зеленский катышкан үч тараптуу жолугушууну 22-августта өткөрүүнү мерчемдеп жатканын билдирди.
АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп күйөөсү, АКШ лидери аркылуу Россия президенти Владимир Путинге балдарды коргоо боюнча катын берип жибергенин Fox News колуна тийген документтерге таянып жазган. Телеканал Аляскадагы саммитке келгенде Трамп катты Путинге бергенин билдирген. "Айыпсыз балдарды коргоп, сиз жөн гана Россияга эмес, бүтүндөй адамзатка кызмат кылган болосуз. Мындай кайратман ой адамзат арасындагы карама-каршылыктардан жогору турат. Урматтуу Путин мырза, бул кыялды бүгүн эле калемдин бир шилтениши менен ишке ашыра аласыз. Учур келди... Ата-эне катары биз кийинки муунга үмүттүн үрөнүн себүүгө милдеттүүбүз. Лидер катары биз балдарыбызды колдошубуз керек, бул — бир нече адамдын гана жанынын тынчтыгынан тышкаркы маселе. Биз ар бир жан тынчтыкта ойгонуп, келечеги бекем корголгон дүйнө түзүүгө умтулушубуз керек", — деп жазган дешти. Аляскадагы Россия – АКШ саммитинен кийин Reuters агенттиги Ак үйдөгү эки аткаминерге таянып, Трамп Меланиянын катын жеке өзү Путинге тапшырганын кабарлаган. Агенттиктин маалыматына таянсак, катта Украинадагы согуштун ай