FT: Зеленский согуш жүргөн жерде мунасага келүүгө даяр

Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Владимир Зеленский азыркы согуш жүрүп жаткан жерде украиналыктар үчүн пайдалуу мунасага келүүгө даяр, бирок Донбасстан аскерин чыгарып кетүү ниети жок. Бул тууралуу Financial Times өзүнүн ишенимдүү адамдарына таянуу менен жазды.
Киев режиминин жетекчисинин курчоосундагы укриналык аткаминер гезитке Зеленский Трамп менен "Донецк жана Луганскиден аскер күчүн чыгаруу сыяктуу кадамдарга мажбурлоосуз Украинада тынчтык орнотуу процесстерин талкуулоону" көздөп жатканын айтып берген.
Буга чейин Зеленский Трамп менен Путиндин Аляскадагы жолугушуусу алдында өлкө Конституциясына таянуу менен аймактарынан баш тартпай турганын билдирген болчу. Кийинчерээк украиналык ЖМКларга маек куруп, өлкөнүн Куралдуу күчтөрү Донбасстын өздөрү көзөмөлдөп жаткан аймагынан чыкпай турганын айткан. Мындан тышкары, территориялык маселелерди Россия жана АКШ президенттери менен уюштурула турган үч тараптуу жолугушууда гана кеп кыларын белгилеген.
ДЭР, ЛЭР, Херсон жана Запорожье облустарынын Россиянын курамына кошулушу боюнча референдумдар 2022-жылдын сентябрында өткөн. Бюллетендер толук саналып бүткөндөн кийин элдин 99,23 пайызы Россияга кошулуу ниетин билдиришкени маалым болгон.
30-сентябрда Россия президенти Владимир Путин Кремлде РФ курамына жаңы региондордун кошулушу боюнча документтерге кол койгон.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп Зеленскийди Крымдан жана НАТОго кирүү оюнан баш тартууга чакырды