Садыр Жапаров Көлдүн жээгинен видео тартып, элден таштанды ыргытпоону суранды

Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн жээгин бойлоп, ал аймактар туш келди ыргытылган таштандыга толуп кеткенин жазып, кыргызстандыктарга соцтармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.
Мамлекет башчы дем алыш күнкү кыдырган ошол жээктин бир да метр жери таза эместигин, акыр-чикирге толгонун жазган. Ал жээктеги таштандыларды видеого тартып көргөзгөн.
"Анысы аз келгенсип автомашиналар менен көлгө чейин кирип алышкан. Көлдүн жээгине 100 метрге чейин кирбеш керек деген эрежени билишпейт. Ысык-Көл бизге бүгүн эле керектей колдонобуз. Жээктеги тартип бузган, таштанды ыргыткан, машина менен көлдүн ичине чейин кирип алган эс алуучулардын 100 пайызы өзүбүздүн жарандар экен. Эс алып бүтүп, кетип жатканда "эртең ушул жерге балам, неберем, чөбөрөм келип олтурат го, тазалап кетейинчи" деп тазалап кетсеңер колуңарга бир нерсе жугуп калабы? Бүгүн сен олтуруп таштанды таштап, чочко сарай кылып кеткен жерге эртең балаң, неберең келип олтурарын эстен чыгарба", — деп жазган мамлекет башчы.
Жапаров табият кийинки муундарга да керек экенин айтып, жаратылышты таза сактоого, бир эле Ысык-Көлдүн жээгин эмес, башка да жактарга акыр-чикирлерди таштабоого чакырган.
Теги:
Садыр Жапаров жайлоолорду техника менен тебелебөөгө чакырды. Видео