БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Зеленский Россия жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамптын Аляскада талкуулаган узак мөөнөттүү тынчтык келишимдерин аткарбайт. Бул тууралуу Украинанын экс-премьери Николай Азаров өзүнүн Telegram каналына жазган.
"Бийликти өзгөртүү маселеси эң орчундуу болуп турат. Чечим чыкмайынча тигил же бул формада тынчтыкты узак мөөнөткө орнотуу мүмкүн эмес. Убактылуу чечимдерди кабыл алса болот, ал тургай кыска мөөнөттүү элдешүү да мүмкүн. Бирок азыркы бийлик менен бул келишим ондогон жылдар бою аткарыла тургандай кылып макулдашууга мүмкүн эмес", — деген Азаров.
Ишембиге караган түнү Путин менен Трамп Аляскадагы Эльмендорф-Ричардсон аскер базасында жолугуп, 2 саат 45 мүнөт сүйлөшкөн. Ага президенттерден сырткары РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров менен Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков да катышкан. Анда мамлекет башчылар Украинадагы жаңжалды токтотуу боюнча иштөөгө даяр экендигин билдиришкен. Трамптын айтымында, абалды жөнгө салуунун маанилүү пунктулары боюнча азырынча макулдашуу жок, бирок макулдашууга жетишүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. Путин менен жолуккандан кийин Трамп тынчтыкка келүү ага жана Европа өлкөлөрүнө байланыштуу экенин айтып, Зеленскийди Россия менен келишим түзүүгө чакырган.