Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Трамп Россиянын Донбасска толук көзөмөл кылышын колдоду

Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Россиянын Донбассты толук көзөмөлгө алуу жана фронттун башка тилкелерин мурдагы калыбында калтыруу идеясын колдойт. Бул туурасында Fox News жазган.
"Трамп Россия лидери Владимир Путиндин Донбассты толук көзөмөлгө алуу жана Украина менен келишим түзүү үчүн фронттун башка участокторундагы абалды ошол тейде калтыруу сунушун колдойт", — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Владимир Зеленскийге, Европа лидерлерине россиялык кесиптеши Владимир Путин, Зеленский катышкан үч тараптуу жолугушууну 22-августта өткөрүүнү мерчемдеп жатканын билдирди.
Эске салсак, ишембиге караган түнү Путин менен Трамп Аляскадагы Эльмендорф-Ричардсон аскер базасында жолугуп, 2 саат 45 мүнөт сүйлөшкөн. Негизги тема Украина жана согушту жөнгө салуу, тынчтык келишиминин айланасында болгон.
Саясатчылар биргелешип иш алып барууга багытталган көп тармактар бар экенин айтышкан.
Трамп Россия менен Украина башчыларын 22-августта жолуктуруу ниетинде