БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин АКШ лидери Дональд Трамп менен жолукканда Украинада орус тилинин кайрадан расмий болушуна кепилдик берүүнү талап кылды. Бул туурасында New York Times кабарлады.
Басылма европалык бийлик өкүлдөрүнө таянып билдиргенине караганда, Россия лидери, андан сырткары, православдык чиркөөлөрдүн коопсуздугуна кепилдик берүүнү да талап кылган.
"Путин Украинада орус тили кайрадан расмий тил макамын алышына жана православдык чиркөөлөрдүн коопсуздугу камсыз кылынарына кепилдик берүүнү талап кылды", — деп жазылган анда.
Эске салсак, украин бийлиги өлкөдөгү эң ири дин туткандардын жамааты болгон Москва патриархатына караштуу Украин православ чиркөөсүнө каршы кийинки тарыхтагы эң чоң куугунтукту уюштурду. 2022-жылы украин бийлиги Украинанын православдык чиркөөсүн (УПЧ) Россия менен байланышта деп кине коюп, аталган өлкөнүн ар кыл аймактарындагы ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Алардын парламентине УПЧтин республикада иштешине чектөө койгон мыйзам долбоорун жөнөтүшкөн. Украинанын православдык чиркөөсүнүн бир катар өкүлдөрүнө мамлекеттик санкциялар киргизилген.
2024-жылдын 23-сентябрында өлкөдө Жогорку Рада кабыл алган жана Владимир Зеленский кол койгон, украин православ чиркөөсүн тыюуга мүмкүндүк берген мыйзам күчүнө кирген.