"Карта ойнобой, иштегиле". Оштун мэри таңкы рейдде мектептерди текшерген видео

Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейдде жаңы окуу жылынын алдында мектептердин даярдыгын текшерип, жетишпестиктерди көргөн соң парта, отургучтарды жаңылоого тапшырма берди.
Ал бир катар жерлерде билим жайларынын абалын, андагы түзүлгөн шарттарга ичи чыкпай, кээ бир кызматкерлерди сындаган. Ал эми кээ бир билим жайларын мактаган. Кемчилик кеткен жерлердеги шалактап, отурууга ыңгайсыз болгон стулдарды, парталарды көзгө сайып көрсөткөн.
Токторбаев мэриянын социалдык маселени караган бөлүгүнүн ишин жакшыртуу тапшырмасын койгон.
"Ишти карабайсыңарбы. Карта ойноп, кабинеттен чыкпай отурасыңар", — деген мэр.
Мэрге балдар отуруп сабак окуй турган эмеректер жараксыз болуп калганын да айтышкан. Токторбаев жыйынтыгында Ош шаарындагы мектептерге 10 миң парта, отургуч сатып алынарын айтты. Ал тиешелүү кызматкерлерге арзанына качырбай, алардын сапаттууларын алууну тапшырды.
Ысык-Көлдө мектептин курулушунан акча кымырылган. УКМК шектүүлөрдү кармады