БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп күйөөсү, АКШ лидери аркылуу РФ президенти Владимир Путинге балдарды коргоо боюнча катын берип жибергенин Fox News колуна тийген документтерге таянып жазган.
Телеканал Аляскадагы саммитке келгенде Трамп катты Путинге бергенин билдирген.
"Айыпсыз балдарды коргоп, сиз жөн гана Россияга эмес, бүтүндөй адамзатка кызмат кылган болосуз. Мындай кайратман ой адамзат арасындагы карама-каршылыктардан жогору турат. Урматтуу Путин мырза, бул кыялды бүгүн эле калемдин бир шилтениши менен ишке ашыра аласыз. Учур келди... Ата-эне катары биз кийинки муунга үмүттүн үрөнүн себүүгө милдеттүүбүз. Лидер катары биз балдарыбызды колдошубуз керек, бул — бир нече адамдын гана жанынын тынчтыгынан тышкаркы маселе. Биз ар бир жан тынчтыкта ойгонуп, келечеги бекем корголгон дүйнө түзүүгө умтулушубуз керек", — деп жазган дешти.
Аляскадагы Россия – АКШ саммитинен кийин Reuters агенттиги Ак үйдөгү эки аткаминерге таянып, Трамп Меланиянын катын жеке өзү Путинге тапшырганын кабарлаган. Агенттиктин маалыматына таянсак, катта Украинадагы согуштун айынан балдардын уурдалышы тууралуу айтылган дешти.
Бирок Меланиянын телеканал жарыялаган катында Украинадагы жаңжалдан улам балдардын уурдалышы жөнүндө эч нерсе айтылган эмес.
Буга чейин Киев тарап Россияга, Украинадан уурдалды деп эсептелген 339 баланын тизмесин тапшырган. Стамбулда өткөн сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасынын жыйынтыгындагы маалымат жыйынында Россия президентинин жардамчысы Владимир Мединский бул тизмедеги көптөгөн балдар эч качан Россиянын аймагында болбогонун билдирген.
Мындан тышкары, тизмедеги 50 ысым кичинекейлерге эмес, чоң кишилерге таандык экени аныкталган. Ошол эле маалда айрым балдар Украинага кайтарылганы айтылып, бул багыттагы иштер улантылып жатканы белгиленди.