БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Вице-мэр Рамиз Алиев Бишкектин көчөсүндө айдоочу менен "жол талашта" болгон окуя тууралуу видео аркылуу айтып берди.
Анын билдиргенине караганда, артта айдап келе жаткан айдоочу жөө кишилер өтчү чийинге келгенде мэр экөө отурган автоунааны кысып, жолун торогон.
"Горький-Манас проспектине келгенде арттан фарасын күйгүздү. Ооба, аныкы туура, бирок алдыда жөө адам өтүп бараткан, аны сүзүп өтүп кете албайм да", — деген Алиев.
Видеодон экинчи автоунааны айдаган кишинин машинадан түшүп, шаар башчылары отурган автоунаа келгенин көрүүгө болот. Рамиз Алиев айдоочу менен жагдайды талкуулап, сүйлөшкөндө ал автоунааны кокустан кысып алганын айткан.