БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет бир жумага карата аба ырайынын божомолун таратты.
Ага ылайык, 18-августтан 24-августка чейин айрым күндөрү гана тоолуу аймактарда жамгыр жаабаса, өлкөдө күн ачык эле болот. Апта башында ала булут каптап, өткүн өтүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-августта күндүз жана 20-августта күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бишкекте 23-августта өткүн өтөрү божомолдонду. Башка күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт.
Чүй, Талас облустарында
18-августта жана 23-24-августта күндүн көзү бузулуп, жамгыр жаашы ыктымал. Апта ортосунда күн ачык болору айтылды.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында
Аптанын биринчи күнү Ош, Жалал-Абадда жамгыр жаашы, кээ бир жерлерде нөшөр төгүшү ыктымал. Баткенде күн ачык болот. Жуманын этек ченинде, 22-августта да күндүн көзү бузулуп, өткүн өтөрү айтылды. Башка күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт.
Нарын, Ысык-Көл облустары
Ысык-Көл менен Нарында бул апта жаанчыл болот деп божомолдонууда. 19-августтан башка күндөрү эки аймакта өткүн өтүшү мүмкүн. Чолпон-Атада 19-21-августта күн ачык болот.