БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Кыргызстанда айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жана алмаштыруу мөөнөтүн бир нече эсе кыскартуу, үйгө жеткирүү кызматын киргизүү сунушталууда.
"Унаа" мамлекеттик мекемеси иштеп чыккан токтом долбоору коомдук талкууга коюлган.
Азыркы учурда айдоочулук күбөлүктү алмаштырууга кеминде төрт күн талап кылынат. "Унаа" мекемеси күбөлүктөрдү алмаштыруу жана берүү үчүн арызды онлайн киргизүүнү сунуштады. Мында мөөнөт 1-2 күнгө чейин кыскарат.
"Арыз берүүчүдөн кагаз түрүндөгү маалым каттар жана документтер талап кылынбайт. Бардык керектүү маалыматтар автоматтык түрдө мамлекеттик органдардын электрондук маалымат базасынан алынат", — деп жазылат документте.