БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Айрым жерлерде жамгыр катуу жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди.
Нөшөрдөн улам республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Абанын температурасы Чүй облусунда 27…32, Талас өрөөнүндө 25…30, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 27…32, Ысык-Көл жеринде 18…23, Нарын чөлкөмүндө 19…24 градус болот.
Термометр Бишкек жана Ош шаарларында 27…29, Чолпон-Атада 18...20 градусту көрсөтөт.