Кыргызстанга дүйнөнүн 11 өлкөсүнөн тоо куткаруучулары билимин тереңдетүү үчүн келишти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады. Билдирүүгө ылайык, алар тоодогу куткаруу иштери боюнча курстан өтүшөт.Кыргызстан суу объектилеринен жана тоодогу куткаруу боюнча окууларды 2012-жылдан бери өткөрүп келет. Бул жылдар аралыгында 16 өлкөдөн 130 куткаруучу окутулган. Быйыл адистер Алжир, Египет, Пакистан, Сербия, Грузия, Сауд Арабиясы, Азербайжан, Марокко, Россия, Палестина жана Беларустан келишти. Эки жумага созулган курстан кийин аларга сертификат берилет. Окутуу программасында теория, практика, командада иштөө жана тажрыйба алмашуулар каралган.
Вице-мэр Рамиз Алиев Бишкектин көчөсүндө айдоочу менен "жол талашта" болгон окуя тууралуу видео аркылуу айтып берди. Анын билдиргенине караганда, артта айдап келе жаткан айдоочу жөө кишилер өтчү чийинге келгенде мэр экөө отурган автоунааны кысып, жолун торогон."Горький-Манас проспектине келгенде арттан фарасын күйгүздү. Ооба, аныкы туура, бирок алдыда жөө адам өтүп бараткан, аны сүзүп өтүп кете албайм да", — деген Алиев. Видеодон экинчи автоунааны айдаган кишинин машинадан түшүп, шаар башчылары отурган автоунаа келгенин көрүүгө болот. Рамиз Алиев айдоочу менен жагдайды талкуулап, сүйлөшкөндө ал автоунааны кокустан кысып алганын айткан.
Зеленский Россия жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамптын Аляскада талкуулаган узак мөөнөттүү тынчтык келишимдерин аткарбайт. Бул тууралуу Украинанын экс-премьери Николай Азаров өзүнүн Telegram каналына жазган. "Бийликти өзгөртүү маселеси эң орчундуу болуп турат. Чечим чыкмайынча тигил же бул формада тынчтыкты узак мөөнөткө орнотуу мүмкүн эмес. Убактылуу чечимдерди кабыл алса болот, ал тургай кыска мөөнөттүү элдешүү да мүмкүн. Бирок азыркы бийлик менен бул келишим ондогон жылдар бою аткарыла тургандай кылып макулдашууга мүмкүн эмес", — деген Азаров. Ишембиге караган түнү Путин менен Трамп Аляскада жолугуп, анда мамлекет башчылар Украинадагы жаңжалды токтотуу боюнча иштөөгө даяр экендигин билдиришкен. Трамптын айтымында, абалды жөнгө салуунун маанилүү пунктулары боюнча азырынча макулдашуу жок, бирок макулдашууга жетишүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. Путин менен жолуккандан кийин Трамп тынчтыкка келүү ага жана Европа өлкөлөрүнө байланыштуу экенин айтып, Зеленскийди Россия менен келишим түзүүгө чакырган.