Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайларынан 2606 студент окуудан чыгарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Атайын кызматтын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайларды текшерүүнүн жүрүшүндө окуу жараяндарына катышпаган жана өлкө аймагынан сыртта жүргөн студенттерди жасалма негизде окутуу фактылары аныкталды. Текшерүүнүн жыйынтыгында 2606 студент окуудан чыгарылды, атап айтканда: Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинен – 1142 студент, анын ичинен 167 чет өлкөлүк жарандар; Кантөрө Токтомаматов атындагы Эл аралык Университетинен – 895 студент; Заманбап Эл аралык Университеттен – 497 студент; Борбордук Азия Эл аралык Медициналык Университетинен – 58 студент; Жалал-Абад Эл аралык университетинен – 14 студент. Мындан тышкары, кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы жана тиешелүү көзөмөлдү жүргүзбөгөндүгү үчүн ээлеген кызматтарынан бошотулгандар болду. Ошондой эле коррупциялык тобокелдиктерди жоюу боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин жүргүзүү максатында жогоруда аталган окуу жайларынын жетекчилери жана профессордук-окутуучулук курамы менен жыйындар өткөрүлдү.
Нарында Эки-Нарын көпүрөсүн куруу иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрдининен билдиришти. Бүгүнкү күндө Нарын районундагы Нарын – Оруктам унаа жолунун 39-чакырымында жайгашкан көпүрөнүн курулушу башталды. Жерине техникалар тартылып, бетон куюу иштери жүрүүдө. Ошондой эле Эки-Нарын айылына жетүү үчүн альтернативдик жол даярдоо иштери да уланууда. Министрликке караштуу №8 жол тейлөө ишканасы тарабынан тиешелүү жумуштар аткарылып жатат. Эки-Нарын жана Орук-Там айылдарынын тургундары үчүн каттам Кара-Кужур-Сары-Булак-Арчалы-Орук-Там жолу аркылуу жүргүзүлөт. Эске салсак, 13-август күнү Дөбөлү айыл аймагынын Эки-Нарын жана Таш-Башат айылдарын бириктирип турган ички чарбалык унаа өтүүчү жыгач көпүрөдөн КаМАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа өтүп бара жатканда көпүрө сынып, унаа Нарын суусуна түшүп кеткен. Натыйжада унаанын айдоочусу каза болгон.
17-августтан 24-августка чейин Болгариянын Самоков шаарында U-20 жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионаты башталат. Сегиз күнгө созулган бул эл аралык мелдешке жалпы 650 балбан чогулат. Алардын ичинен 233ү эркин күрөштө, 231и грек-рим күрөшүндө, ал эми 186сы кыз-келиндер күрөшүндө күч сынашат. Чемпионат эркин күрөш менен башталат. Кыргызстандын атынан эркин күрөш боюнча жаштар курама командасы 9 салмак категориясында катышат.
АКШнын президенти Дональд Трамп Владимир Зеленскийге, Европа лидерлерине россиялык кесиптеши Владимир Путин, Зеленский катышкан үч тараптуу жолугушууну 22-августта өткөрүүнү мерчемдеп жатканын билдирди. Бул туурасында РИА Новости Axios басылмасына таянып кабарлады. "Ал Аляскадагы саммиттен кийин европалык лидерлерге телефон чалып, Путин, Зеленский катышкан үч тараптуу жолугууну уюштурууну пландап жатканын айтты", — деп жазылган маалыматта. Дүйшөмбү күнү Ак үйдө Трамп менен Зеленскийдин жана Евробиримдик өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтмөкчү.