Ысык-Көлдүн Түп районунда майыптар үчүн жаңы реабилитациялык борбор курула баштады. Ага Адылбек Касымалиев капсула салганын министрлер кабинетинен кабарлашты.Долбоор жеке инвесторго тиешелүү, курулуш иштери 2026-жылы аяктамакчы. Реабилитациялык борбор ишке кирсе, аймактагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга медициналык, психологиялык жана социалдык кызматтар көрсөтүлөт.
Кыргызстанга дүйнөнүн 11 өлкөсүнөн тоо куткаруучулары билимин тереңдетүү үчүн келишти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады. Билдирүүгө ылайык, алар тоодогу куткаруу иштери боюнча курстан өтүшөт.Кыргызстан суу объектилеринен жана тоодогу куткаруу боюнча окууларды 2012-жылдан бери өткөрүп келет. Бул жылдар аралыгында 16 өлкөдөн 130 куткаруучу окутулган. Быйыл адистер Алжир, Египет, Пакистан, Сербия, Грузия, Сауд Арабия, Азербайжан, Марокко, Россия, Палестина жана Беларустан келишти. Эки жумага созулган курстан кийин аларга сертификат берилет. Окутуу программасында теория, практика, командада иштөө жана тажрыйба алмашуулар каралган.
Өлкөдө эттин баасын негизсиз көтөргөндөргө чара көрүлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына жер-жерлерде мал этинин баасын тынымсыз көзөмөлдөп туруу, эгерде мамлекеттик көзөмөл киргизилгенден кийин эттин баасы негизсиз көтөргөн учурлар катталган болсо тийиштүү чараларды өз убагында көрүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди. Белгилей кетсек, өлкөдө 11-августтан тарта эттин баасына 90 күнгө мамлекеттик көзөмөл киргизилген. Мындай чечим баанын негизсиз кымбатташына жол бербөө жана калк үчүн продукциянын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында кабыл алынган. Ошондон улам Бакыт Төрөбаевдин дагы бир тапшырмасына ылайык Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына эттин чекене баасын көзөмөлдөп туруу боюнча тапшырманы коюп, ага ылайык, этке болгон баа 700 сомдон төмөн болушу керек болчу.
Россия президенти Владимир Путин Аляскадагы жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Кремлде жыйын өткөрдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Өлкө башчысы Россия көптөн бери мындай жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөгөнүн белгилеп, мында тынч отуруп, позицияны кылдат жеткирүүгө мүмкүн болгонун белгиледи. Негизги учурлар: Аляскага сапар өз учурунда жасалып, пайдалуу болду, Трамп менен мазмундуу жана ачык-айкын сүйлөшүү жүрдү; Аляскадагы жолугушуу керектүү чечимдердин кабыл алынышын жакындатты; лидерлер украин чырын адилеттүү негизде чечилишин талкуулашты; жаңжалдын түпкү себебин жоюу абалды жөнгө салуунун негизин түзүшү керек; тараптар кызматташуунун бардык тармактарын талкуулашканы айтылды. Эскерте кетсек, дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурган жолугушуу 15-августта Аляскада өттү. РФ лидери Владимир Путин менен АКШ президенти Дональд Трамп негизинен Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу маселесин талкуулашты. Тараптар сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөрүп, жолугушуу конструктивдүү болгонун белгилешкен.