Жалал-Абад шаарындагы ЖОЖдордон 2 606 студент окуудан чыгарылды

Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. УКМК Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайлардан 2 606 студент окуудан чыгарылганын билдирди.
Атайын кызматтын аталган облус боюнча башкармалыгы текшерүү жүргүзүп, натыйжада окууга келбеген жана өлкө аймагынан тыш жүргөн студенттерди жасалма негизде окутуу фактыларын аныктаган.
Студенттер төмөнкү окуу жайлардан чыгарылган:
Жалал-Абад мамлекеттик университетинен 1 142 студент, анын ичинен 167си чет өлкөлүк жарандар;
Кантөрө Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинен 895 студент;
Заманбап эл аралык университеттен 497 студент;
Борбордук Азия эл аралык медициналык университетинен 58 студент;
Жалал-Абад эл аралык университетинен 14 студент.
Мындан тышкары, кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн төрт кызматкер ээлеген кызматтарынан бошотулган:
Кантөрө Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин окуу иштери боюнча проректору С. О.;
ошол эле университеттин алдындагы үзгүлтүксүз ачык билим берүү институтунун директору Э.К.;
Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы Үзгүлтүксүз билим берүү институтунун директору С.А.;
ЖАМУнун практика жана карьера бөлүмүнүн башчысы З.К.
УКМК коррупциялык тобокелдиктерди жоюу боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин жүргүзүү максатында жогоруда аталган окуу жайлардын жетекчилери жана профессордук-окутуучулук курамы менен жыйындар өткөрүлгөнүн белгиледи.
Баткен мамлекеттик университетинен 2 170 студент окуудан чыгарылды