БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Европа лидерлери Дональд Трамп жана Владимир Зеленский менен Москва, Вашингтон, Киевдин үч тараптуу саммитин даярдоо боюнча иштөөгө даяр. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Франция, Италия, Германия, Британия, Финляндия, Польша, Португалия жана Еврокомиссиянын башчыларынын биргелешкен билдирүүсүндө төмөнкүлөр айтылган:
Европа Москвага карата санкциялык басымды күчөтүүнү улантат;
Киев коопсуздук боюнча темирдей бекем кепилдикти алып, аймактар боюнча чечимдерди өз алдынча кабыл алышы керек;
Россия Украинанын Евробиримдик менен НАТОго интеграцияланышына бөгөт койбошу керек, Украинанын Куралдуу күчтөрүн чектөөгө да жол берилбейт;
Европа Трамтын тынчтыкка жетишүүгө багытталган аракеттерин колдойт.