Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп Россия берген 1000ден ашуун украиналык туткун жоокердин тизмеси тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Fox News телеканалына маек куруп жатып Россия ага 1000ден ашуун украиналык аскер туткунунун тизмесин бергенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, буга чейин тирешкен эки тарап туткун алмашып, кийинчерээк Киев миңдей кишисин айырбаштоо тизмесинен чийип салган. РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Украинанын жоокерлерин алуудан баш тартышы Владимир Зеленскийдин калкына жасаган геноциди экенин, ал Россия менен эмес, украин эли менен согушуп жатканын билдирген.
"Миң кишининин аты-жөнү жазылган тизме турат. Россия аны мага бүгүн берди, миң туткун бошотулушу керек. Бийлик (Украина — ред.) аларды кабыл алышы керек. Тигилер (Россия — ред.) туткундарды бошотобуз деп турушат", — деди Трамп.
АКШ лидери Дональд Трамп менен Россия президенти Владимир Путиндин жолугушуусу 15-августта Аляскада Элмендорф-Ричардсон аскер базасында өттү. Үч саатка чукул созулган сүйлөшүүгө Россиядан ТИМ башчысы Сергей Лавров менен президенттин жардамчысы Юрий Ушаков, ал эми АКШдан мамлекеттик катчы Марко Рубио жана америкалык лидердин өкүлү Стивен Уиткофф катышты.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп Зеленский Россия менен эпке келиши керектигин айтты