БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Түп районунда майыптар үчүн жаңы реабилитациялык борбор курула башталды. Ага Адылбек Касымалиев капсула салганын министрлер кабинетинен кабарлашты.
Долбоор жеке инвесторго тиешелүү, курулуш иштери 2026-жылы аяктамакчы.
Реабилитациялык борбор ишке кирсе, аймактагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга медициналык, психологиялык жана социалдык кызматтар көрсөтүлөт.