Путин менен Трамп Аляскада жолугуп, сүйлөшүү башталды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин АКШ лидери Дональд Трамп менен украин кризисин чече турган жолугушууга Аляскага келип түшүп, сүйлөшүү башталды.
Мамлекет башчылар аскердик базага конгон учактарынан бир убакта чыкты. Держава лидерлери кол алышып, кызыл килемден өтүштү.
Алар учурашкан соң, Трамп Путинге анын автоунаасына түшүүнү сунуштап, Россиянын лидери ага макул болду.
Жолугушуунун негизги темасы — Украина кризисин жөнгө салуу.
Ал "үчкө үч" форматында өтүп жатат. Тар курамдагы сүйлөшүүгө Россиядан ТИМ жетекчиси Сергей Лавров менен Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков, АКШ тараптан президенттин чабарманы Стивен Уиткофф менен мамлекеттик катчы Марко Рубио катышууда.
Мурдараак жолугууга Россия тараптан:
тышкы иштер министри Сергей Лавров;
РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков;
РФтин коргоо министри Андрей Белоусов;
РФтин каржы министри Антон Силуанов;
РФ президентинин атайын өкүлү Кирилл Дмитриев катышары айтылган.
АКШ тараптан:
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио;
АКШнын финансы министри Скотт Бессент;
АКШнын соода министри Говард Латник;
ЦРУнун директору Жон Рэтклифф;
АКШ президентинин чабарманы Стивен Уиткофф болот деп кабарлашкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп Аляскадагы жолугушуудан эмнелерди күтүп жатканын айтты