БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Коргоо министрлиги Жеңиш чокусуна бараткан Ми-8 тик учагы кырсыктаганын тастыктады.
Билдирүүгө ылайык, экипаж чокуда жабыркаган альпинисттерди эвакуациялоого жөнөп кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча, туристтердин арасында италиялык бир жаран каза тапкан.
"Катаал аба ырайына байланыштуу тик учак тоого конууга аргасыз болгон. Борттогу экипаж мүчөлөрү менен куткаруучулар аман-эсен, бирок бир нече адам жаракат алды. Жабыркагандарды эвакуациялоого башка адистер жөнөтүлдү", — деп билдиришти Коргоо министрлигинен.
Мекеме жеке курамдын коопсуздугун камсыздап, эвакуациялоону аяктоо үчүн бардык чаралар көрүлүп жатканын белгиледи.