Кыргызстанга окуудан өтүү үчүн 11 өлкөдөн куткаруучулар келишти

Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Кыргызстанга дүйнөнүн 11 өлкөсүнөн тоо куткаруучулары билимин тереңдетүү үчүн келишти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, алар тоодогу куткаруу иштери боюнча курстан өтүшөт.
1 / 3

Кыргызстанга дүйнөнүн 11 өлкөсүнөн тоо куткаруучулары билимин тереңдетүү үчүн келишти

2 / 3

Билдирүүгө ылайык, алар тоодогу куткаруу иштери боюнча курстан өтүшөт

3 / 3

Кыргызстан суу объектилеринен жана тоодогу куткаруу боюнча окууларды 2012-жылдан бери өткөрүп келет

Кыргызстан суу объектилеринен жана тоодогу куткаруу боюнча окууларды 2012-жылдан бери өткөрүп келет. Бул жылдар аралыгында 16 өлкөдөн 130 куткаруучу окутулган.
Быйыл адистер Алжир, Египет, Пакистан, Сербия, Грузия, Сауд Арабиясы, Азербайжан, Марокко, Россия, Палестина жана Беларустан келишти. Эки жумага созулган курстан кийин аларга сертификат берилет. Окутуу программасында теория, практика, командада иштөө жана тажрыйба алмашуулар каралган.
ӨКМдин куткаруучуларына жаңы атайын техника берилди