15 жашар кыздын зордукталганын жашырган делип ИИМдин үч кызматкери кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Баткендин Кадамжай районунда сексуалдык зомбулук боюнча кылмыш ишин жабууга аракет кылган делип милициянын үч кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдады.
Атайын кызматка 15 жаштагы кыздын бир нече жолу сексуалдык зомбулукка тушукканы тууралуу маалымат түшкөн. Милицияга өспүрүмдүн атасы кайрылган.
1 / 3

Баткендин Кадамжай районунда сексуалдык зомбулук боюнча кылмыш ишин жабууга аракет кылган делип милициянын үч кызматкери кармалды

2 / 3

Атайын кызматка 15 жаштагы кыздын бир нече жолу сексуалдык зомбулукка тушукканы тууралуу маалымат түшкөн. Милицияга өспүрүмдүн атасы кайрылган.

3 / 3

Маалыматта белгиленгендей, тинтүү учурунда милиционерлердин унаасынан 200 миң сом, тергөөчүнүн бөлмөсүнөн жабырлануучу менен арыз ээсинин көрсөтмөлөрү өзгөртүлүп, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу боюнча каршы көрсөтмөлөр, тосмо арыздарды камтыган тергөө материалдары табылган.

"Бирок РИИБ тергөөчүсү Т.А. айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы Н.С. жана аймактык милиция кызматкери Ш.Ж. менен ич ара сүйлөшүп, бир миллион сом пара алуу менен шектүүлөрдү жоопкерчиликтен бошотууга макул болгон", — дешти УКМКдан.
Маалыматта белгиленгендей, тинтүү учурунда милиционерлердин унаасынан 200 миң сом, тергөөчүнүн бөлмөсүнөн жабырлануучу менен арыз ээсинин көрсөтмөлөрү өзгөртүлүп, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу боюнча каршы көрсөтмөлөр, тосмо арыздарды камтыган тергөө материалдары табылган.
Мындан тышкары, А. А. аттуу жаран кызмат адамына бир миллион сом өлчөмүндө пара берүү боюнча шектүү катары кармалган. Ал чоң суммадагы акча каражатын милиция кызматкерлерине кылмыш ишин кыскартууга, жабырлануучунун атасынан тосмо арыз алууга, ошондой эле жабырлануучунун көрсөтмөлөрүн өзгөртүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн берген.
УКМК айыпталуучулар тергөө абагына киргизилгенин кошумчалады.
Сексуалдык ыдык көрсөткөн. Өзгөндө соттук-медициналык экспертиза кызматкери кармалды