БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Эки-Нарын айылында жаңы көпүрөнүн курулушу башталганын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты.
Бүгүн, 16-августта, аталган айылга транспорт министри Абсаттар Сыргабаев, ӨКМ башчысы Бообек Ажикеев жана президенттин аймактагы өкүлү Нурбек Сатаров барган.
Ведомство азыр көпүрөгө бетон куюлуп жатканын билдирди. Ошондой эле Эки-Нарын айылына барчу альтернативдик жол салынууда.
Эске салсак, 13-августта Нарын — Оорук-Там унаа жолунун 39-чакырымында көпүрө урап, оор жүк ташуучу машина сууга кулаган. 41 жаштагы айдоочунун сөөгү кечээ табылды.